Печать
Категория: Коом
Просмотров: 246
Баткенден 30 бала Бишкектеги президенттик балатыга катышат КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Баткен облусунан 30 бала эки коштоочусу менен Баткен аэропортунан Бишкек шаарына учуп келишти. Алар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда жыл сайын уюштурулуп келген салттуу балаты майрамына катышат.

Облус администрациясынын маалыматына ылайык, сапардын алдында Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов балдар менен жолугуп, аларга ак жол каалап, ийгилик тиледи.

Президенттик балатыга катышуу үчүн окууда мыкты жетишкен, өзгөчө ийгиликтерди жараткан, ошондой эле камкордукка муктаж балдар тандалып алынган. Бул иш-чара балдардын майрамдык маанайын көтөрүп, аларга жаңы жылдык белек жана унутулгус таасир тартуулайт.

Булак: koom.press