Печать
Категория: Коом
Просмотров: 236

 

600281000_1181961437456240_2571867327366322463_n.jpg

Жети-Өгүздө жеке менчикке өтүп кеткен жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан КР жер мыйзамдарынын аткарылышы жана сакталышына текшерүү жүргүзүлүп, анда Барскоон айыл өкмөтүндө жалпы 2,4 га айыл чарба багытындагы жер тилкелери жеке жактардын менчигине мыйзамсыз түрдө өтүп кеткендиги аныкталган.

Райондук прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде, баасы 27 млн 552 миң сомду түзгөн айыл чарба багытындагы жер тилкелери мамлекетке кайтарылды.