Көмүрдүн бөлүштүрүлүшү жана баалардын көтөрүлүшүнө көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу «Кыргыз көмүр» компаниясынын орун басары Рустамбек Садыралиев радионун эфиринде билдирди.
Анын айтымында, муну менен компания мэрия, айыл өкмөтү, антимонополия кызматы жана укук коргоо органдары менен бирге иш алып барат.
«Ар бир аймакта, Бишкек мэриясы жана Чүй облусунун администрациясы да камтылган атайын топтор түзүлүп, жер-жерлердеги кырдаалды мониторинг кылып турушат. Эгерде көмүрдүн баасынын көтөрүлгөндүгү аныкталса, топтор видеого жана сүрөткө тартып, мыйзам негизинде чара көрүү үчүн материалдарды өткөрүп беришет», - деп билдирген ал.
Садыралиев эгерде кайсы бир аймакта көмүр алдын ала белгиленген баадан кымбат сатылса, жарандарга айыл өкмөтүнө же мэрияга кайрылууну сунуштады.
Булак: Баракелде