Печать
Категория: Коом
Просмотров: 538

КР УКМК этностор аралык чыр-чатактын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин алкагында социалдык тармактарда белгилүү бир улутка карата жеке кастыгын билдирген провокациялык билдирүүлөрдү системалуу түрдө жарыялаган Т.А.Д. аттуу кыргыз жаранын аныктады.

Атайын кызмат билдиргендей, анын аракети этностор аралык чыр-чатакты козутуучу фактор болуп саналат жана массалык башаламандыкка алып келиши мүмкүн.

"Козголгон кылмыш ишинин жана чогултулган материалдардын алкагында КР Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынан эксперттик корутунду алынган, анда Т.А.Д. тарабынан социалдык тармактарда жарыяланган материалдарда улуттар аралык кастыкты козутуунун белгилери бар экени аныкталган.

Мындан улам, КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси "Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (пикир келишпестикти) козутуу" боюнча кылмыш иши козголду. Ал эми билдирүүнүн автору Т.А.Д. КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынып, тиешелүү тергөө иш-чаралары уланууда", - деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.

Ошондой эле атайын кызмат улуттар аралык кастыкты козутууга чакырган жалган жана провокациялык маалыматтарды тараткандыгы жана жарыялагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.