Печать
Категория: Коом
Просмотров: 870

 

УКМК төрагасы кечээ, 11-декабрда Сүлүктү шаарында курулган көп кабаттуу үйдөгү 64 батирдин ачкычын чек арачыларга тапшырды. 

Ал чек арачылардын үй-бүлөсү менен да жолугуп, аларга "мекенге кызмат кылууга салым кошуп жатканы үчүн" ыраазычылыгын билдирди. 

"Жолдошуңар кайсы жерде кызмат кылса, ошол жакка бала-чакаңарды алып, жылуу-жумшак жашап жаткан жериңерди таштап келип жатканыңар үчүн рахмат. Силер жанында жүрүп аскерлерге дем-күч берип жатасынар. Өзү башка жакта кызмат кылып, үй-бүлөсү башка жакта жашаса, балдарыбыздын кызматы толук болбой калмак. Ысык-суугуна карабай кошо жүргөнүңөргө рахмат", - деди Ташиев. 

Ошондой эле ал 3 батирдин ачкычын медицина кызматкерлерине тапшырды жана алардын айлыгы 2026-жылдын биринчи кварталынан тартып көтөрүлөөрүн белгиледи. 

"Буйруса, Сүлүктү шаарын өз калыбына келтиребиз. Ушул жерде жашап, иштеп жатканыңарга ыраазыбыз. Элдин ден соолугунун сакчысы боло бергиле. Урматтуу президентибиз айткандай, келерки жылдан тартып айлык акыңарды көтөрүүгө катуу көңүл бурабыз", - деди ал.