Печать
Категория: Коом
Просмотров: 289

Бишкек - Ош унаа жолундагы Ала-Бел ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга кайрадан чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Чектөө ашууда катуу шамал жана бороон болуп жатканына байланыштуу киргизилген.

Белгиленгендей, №23 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жолдорду кардан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө.

Булак: Кабар