Печать
Категория: Коом
Просмотров: 374

2022-2024-жылдары Чүй облусунун Жайыл районундагы “Петропавловск” каналын капиталдык оңдоо учурунда аныкталган коррупциялык фактылар боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында, шаар куруу мыйзамдарындагы бузуулар жана бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу УКМК тарабынан аныкталды. 

Атайын кызматтан билдиришкендей, анын айынан мамлекетке 12 миллион сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Тергөөнүн алкагында, КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Суу ресурстары кызматына караштуу мамлекеттик мекеме болгон “Чүй суу ресурстарынын бассейн башкармалыгынын” башчысы (Суу ресурстары кызматынын мурдагы убактылуу директору) 1965-жылы туулган Р.М.О. аттуу КР жараны кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.