Печать
Категория: Коом
Просмотров: 191

Бүгүн Каракол — Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, кар көчкү унаа жолдун болжол менен 82-чакырымында 3 жерден түшкөн. Учурда көлөмү такталууда.

Жерине тазалоо иштерин жүргүзүүгө №11 Жол тейлөө ишканасынан 2 кызматкер, 2 бульдозер тартылды.

Кошумча маалымат берилет.

Булак: Кабар