
Социалдык тармактарда акыркы учурда кыргызстандык кыздардын кытай жарандарына турмушка чыгуусу көбөйүп жатканы тууралуу маалыматтар тараган. Мындан улам КР УКМК маалымат таратты.
Анда айтылгандай, 2020-жылдан бүгүнкү күнгө чейин расмий түрдө катталган мындай никелердин саны болгону 129ду түзөт. Алардын көпчүлүк бөлүгү КЭР жарандары болуп саналган ар кандай этникалык топтордун, анын ичинде этникалык уйгурлардын, дунгандардын ж.б. өкүлдөрдүн ортосунда түзүлгөн.
Ошол эле учурда, титулдук улуттун өкүлдөрү менен кытайлыктардын (ханьдар) ортосундагы никелердин саны 44тү түзөт, алардын көпчүлүгү Кытайга туруктуу жашоого кеткендер.
Бул процесстер Кыргыз Республикасындагы жалпы демографиялык кырдаалга таасир этпейт.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (пикир келишпестикти) козутууга багытталган аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө эскертет.