Печать
Категория: Коом
Просмотров: 281

 

Сасык тумоо жана КРВИ менен ооругандардын саны улам өсүп жатканына байланыштуу республика боюнча 65 бала бакча убактылуу жабылды. Ошондой эле Ош облусундагы беш мектеп аралыктан окумай болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

«Ар кандай уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине санитардык эрежелер даярдалып берилди. Райондук администрацияларга жана тиешелүү ведомстволорго, анын ичинде Агартуу министрлигине, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына каттар жөнөтүлдү. Ири соода борборлоруна, маданий жана билим берүү мекемелерине профилактикалык чараларды күчөтүү зарылдыгы кабарланды.

Өткөн жумада КРВИ жана сасык тумоонун 37 миңден ашык учуру катталган, бул мурунку жумадан 2,5 эсе көп. Ооругандардын 73%ы 14 жашка чейинки балдар. Бишкек, Ош шаарлары, Баткен жана Чүй облустарында илдет эң көп катталган» - деп айтылат маалыматта.