Печать
Категория: Коом
Просмотров: 229

Сот экстремисттик деп тапкан “Клооп” басылмасынын мурдагы операторлору Александр Александров менен Жоомарт Дуулатов пробация менен сот залынан бошотулду. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту 25-ноябрдагы отурумда чыгарды. Бул тууралуу укук коргоочу Гулшайыр Абдирасулова билдирди.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 17-сентябрда Дуулатов менен Александровду күнөөлүү деп таап, беш жылдан абакка кескен. Андан сырткары басылманын эки эсепчисин да беш жылдан абакка кесип, үч жылдык пробация менен эркиндикте калтырган.

Эске салсак, Жоомарт Дуулатов менен Александр Александровду УКМК быйыл 28-майда “жапырт башаламандыкка чакырык жасоого тиешеси бар” деген негизде кармаган.

Кошумчалай кетсек, 27-октябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Клооп», «Темиров Лайв» жана «Айт Айт Десе» медиа-долбоорлорунун маалыматтык материалдарын экстремисттик деп тапкан.

Булак: govori.tv