Өлкөдө 17-ноябрдан 23-ноябрга чейин 26 миң 210 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.
Анын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 2 237;
- Мас абалында унаа башкаруу — 371;
- Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 201;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 1 114;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 676;
- Авто ээнбаштык — 32;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу — 3 991;
- Жалган мамлекттик номери менен унаа башкаруу — 9;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 349;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 230 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
Булак: govori.tv