Кыргызстандын мамлекеттик жана коомдук ишмери, көп жыл мамлекеттик кызматтарда эриш-аркак иштешип, достук мамилем калыптанган замандашым, чыныгы кесипкөй инсан Кошбай Масировдун бул дүйнөдөн өткөндүгүн кабыргам кайышуу менен кабыл алдым.
Кошбай Масиров чыныгы кесипкөй эле. Инженер-энергетик катары эмгек жолун Нарын ГЭСинен баштап, бул системада үзүрлүү эмгектенген. Анын жетекчилиги менен Таш-Көмүр жана Шамалды-Сай ГЭСтери толук кубаттуулукка чыгарылган. Андан аркы эмгек жолу мамлекеттик жетекчилик кызматтарды аркалоо менен уланып, райондорду, шаарларды, облусту ийгиликтүү башкарды. Ири долбоорлорду ишке ашырууну демилгелеп, алардын башында турду. Ал өзүнө жүктөлгөн милдетти чоң жоопкерчилик, абийир, намыс менен аткарып, өзүнүн иш билгилиги, кесипкөйлүгү, зор тажрыйбасы менен чоң натыйжаларга жетишкен. Көп жылдык эмгеги, үзүрлүү иш-аракеттери менен аймактардын, өлкөнүн өнүгүүсүнө өзүнүн бараандуу салымын кошту. Замандаштары, кесиптештери арасында зор кадыр баркка, урмат-сыйга ээ болчу.
Мен Кошбай Масиров менен ар кайсы учурларда жакындан иштешип, тыгыз байланышта болуп, аны элдин, өлкөнүн кызыкчылыгын баарынан жогору коюп, мамлекеттин мүлктөрүнө өз менчигиндей аяр, этият, сарамжалдуу мамиле жасаган, элдин ырыскысына кол салбаган, мамлекеттин ташына да зыян келтирбеген ак ниеттүү, адамгерчиликтүү, нарк-насилдүү, жоопкерчиликтүү адам катары таанып, биле алдым. Мамлекеттик кызматтарда көп жыл иштеп, элге ак дили менен кызмат кылып,э жүрүп ардактуу эс алууга чыкты. Көп жылдык эмгеги, кызматы жогору бааланып, көптөгөн сыйлык, наамдарга татыктуу болду.
Ажал улук деген ушул тура. Минтип досубузду, мыкты адамды шум ажал алып олтурат. Маркумга Куран түшүрүп, жакшы иштерин айтып, сөз кылгандан башка колубуздан эч нерсе келбейт экен...
Кошбай, жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун! Сен эмгегиңди, кызматыңды билгендердин дайыма эсиндесиң. Эл сенин эмгегиңди эч качан унутпайт. Артыңда калган жакындарыңа кайрат айтып, сабыр тилейм. Жараткан сени өз мээримине алсын.
Кош, Кошбай.
Курманбек Бакиев,
КРнын мурдагы президенти