Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгы коррупция фактысы боюнча иликтөөнүн жүрүшүндө жалпы баасы 150 миллион сомго бааланган 6 гектар жер тилкесин мамлекетке кайтарды.
Маалыматка караганда, «Көк-Жар» аймагындагы айыл чарба багытындагы бул жерлер айрым жарандар жана мамлекеттик кызматкерлер тарабынан мыйзамсыз бөлүштүрүлүп жана сатылып келген.
Бул иш боюнча Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш иши козголуп, бир катар адамдарга айып тагылган.
Тергөө маалында айрым шектүүлөр ыктыярдуу түрдө жерди мамлекетке өткөрүп берип, аал Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна тапшырылды.
Булак: koom.press