Печать
Категория: Коом
Просмотров: 248

Кыргызстандык окуучулар Омар Хайям атындагы математика жана информатика боюнча эл аралык олимпиадада 10 медаль, 2 ардак грамота жеңип алышты.

Агартуу министрлиги билдиришкендей, олимпиада 2025-жылдын 5-9-ноябрында Душанбе шаарында өтүп, ага 8 өлкөдөн 96 окуучу катышты.

Кыргызстандын командасы олимпиаданын жыйынтыгында 10 медаль жеңип, 1-орунду ээледи.

Катышкан өлкөлөрдүн жалпы жыйынтыгы:

Кыргызстандык окуучулардын жыйынтыктары:

Математика (кенже категория, 7–8-класстар)

Математика (жогорку категория, 9–11-класстар)

Информатика (кенже категория, 7–8-класстар)

Информатика (жогорку категория, 9–11-класстар)

Мындан тышкары, Кыргызстандын өспүрүмдөр командасы командалык эсепте 1-орунду ээлеп, Гран-при —Хайям кубогун, «Рубайят Хайяма» китебин жана 1000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акчалай сыйлыкка ээ болушту.

KhIMIO – бул таланттуу мектеп окуучулары үчүн илимий жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө, жаш таланттарга дем берүүгө жана математика жана информатика жаатында эл аралык кызматташтыкты арттырууга багытталган инновациялык эл аралык олимпиада.

Булак: 7 канал