Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору калаадагы Сейтек STEM менчик мектебинде тамакка уулангандардын саны 84 экенин тактады.
Мекемеден билдиришкендей, анын 80и окуучу, төртөө мугалим.
79 киши Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылышса, бешөө жеке менчик ооруканаларга жаткан. 13ү ооруканага жаткырылып, бешөөнүн абалы жакшырган соң чыгарылган. Калгандарына амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.
Санитардык-эпидемиологиялык изилдөөнүн жыйынтыгында, уулануу 31-октябрда мектеп ашканасында берилген шаурмадан болгону аныкталды.
Эки протоколдун негизинде жалпы 28 миң сом айып пул салынып, лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы чыкканга чейин ашкананын иши убактылуу токтотулду.
Аталган мектептеги окуучулар жана кызматкерлер тамакка ууланганы 31-октябрдын кечинде белгилүү болгон. Алар күндүз мектеп ашканасында шаурма жегенин айтышкан.
Булак: govori.tv