Бүгүн, 17-октябрдан тарта Бишкек шаарында №153 «Асанбай – “Манас” эл аралык аэропорту» экспресс-маршруту боюнча түнкү каттамдар ишке кирди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, каттам «Жол кеңеши – 2025» программасынын алкагында ишке ашырылган. Эми шаар тургундары жана коноктору аэропортко же кайра шаардын ичине түн ичинде да ыңгайлуу жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Түнкү каттамдардын жүрүү убактысы: 00:00, 03:00 жана 05:00.
Мэрия экспресс-маршрут болуп эсептелген №153 каттамынын токтоочу жайлары так аныкталганын, ал эми белгиленбеген жерде токтоо жол эрежесин бузуу болуп санала турганын эскертет.