Печать
Категория: Коом
Просмотров: 340

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо үгүт жүргүзүү үчүн 137 жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациядан өткөрдү. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Мындай чечим Боршайкомдун 14-октябрдагы шайлоодо үгүт иштерине катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселеси каралган жыйында кабыл алынды.

Мында шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушу эске алынды.

Алардын ичинде:

БШКнын расмий сайтында ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.

Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого үгүт иштери добуш берүү күнүнөн 20 күн мурда – 10-ноябрда башталып, добуш берүү күнүнөн бир күн мурун – 29-ноябрда саат 08:00дө токтотулат.

Булак: 7 канал