КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында, Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылынын борборунда жайгашкан эки кабаттуу турмуш-тиричилик комбинаты (дом быта), мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталган.
Имарттын аянты 937 чарчы метр болуп, ал эми имарат жайгашкан жер 0,16 га жалпы аянтты түзгөн.
Тийиштүү иш-чаралардын жүргүзүлүшүндө, аталган имарат жана ал жайгашкан жер тилкесин мамлекеттин эсебине, т.а. Бакай-Ата айыл өкмөтүнүнө кайтарылып берилди.
Учурда Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн имараты авариялык абалда болгондуктан, ошондой эле, райондук калкты тейлөө борборунун имараты жоктугуна байланыштуу, УКМК тарабынан мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн имаратка, Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн эмгек жамааты, ошол эле Бакай-Ата айылдык кеңештин депутаттары жана райондук калкты тейлөө борборунун жааматы аталган мамлекеттин балансына кайтарылган имаратка жайгаштыруу иштери мерчемделип жатат.