Печать
Категория: Коом
Просмотров: 264

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси Абдулазиз Закиров облустук жана аймактык казыларга чукул жыйын өткөрдү. Муфтияттан кабарлашкандай, анда дин ишмерлерине парламенттик шайооого аралашпоо тууралуу эскертти.

«Урматтуу өкүлдөр! Алдыда шайлоо өнөктүгү келе жатат. Тиешелүү мамлекеттик мыйзамдарга ылайык, диний кызматкерлер үгүт иштерине катыша албайт. Ушул жагына абдан маани берели. Расмий дин кызматкерлерине толук жеткириңиздер. Имамдарыбыз үгүт иштерине тартылып же мечит-медреселерибизде саясий көрнөк-жарнактар болбошу керек», – деди ал.

Азирети Муфтий мамлекет башчынын кайрылуусуна шилтеме жасап, шайлоо мыйзамда көрсөтүлгөн тартиптерде таза жана ачык-айкын болушу зарылдыгын кошумчалады.

Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт.