Печать
Категория: Коом
Просмотров: 159

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 30-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата алдын ала шайлоочулардын тизмесин жарыялады.

БШКнын маалыматына ылайык, өлкө боюнча алдын ала тизме 4 млн 287 миң 222 шайлоочуну камтыйт.

Алдын ала шайлоочулардын тизмеси кагаз түрүндө 14-октябрга чейин өлкөдөгү 2492 шайлоо участкасында илинет.

Бул тизме “Кызмат” мамлекеттик мекемеси тарабынан Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги маалыматтардын негизинде түзүлүп, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан “Тизме” порталына (https://tizme.gov.kg/) жайгаштырылды.

Шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруу шайлоо маалында күн сайын жүргүзүлөт. Бул иштерди БШК менен “Кызмат” мекемеси биргеликте аткарат.

Шайлоочу өзүн тизмеден 19-ноябрга чейин (кошо алганда) текшере алат:

Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда шайлоочу 19-ноябрга чейин (кошуп алганда) электрондук форматта авторлоштуруудан өтүп, “tizme.gov.kg” сайтында “Шайлоочунун кабинети” сервиси аркылуу арыз менен кайрылууга укуктуу.

Шайлоочулардын тизмесинде жок болгон учурда биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан бул жол-жободон өтө алат.

Булак: Кабар