Печать
Категория: Коом
Просмотров: 222

28-августта Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл аймагынын тургуну, 1991-жылы туулган Нурайым Исакова үч эм төрөдү. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, кош бойлуулуктун өзгөчөлүгүнө байланыштуу дарыгерлер кесарево жолу менен операция жүргүзүшкөн. Натыйжада:

- 2700 грамм салмактагы эркек бала;

- 2500 грамм салмактагы кыз бала;

- 2200 грамм салмактагы кыз бала жарык дүйнөгө келди.

Азыркы учурда эненин да, ымыркайлардын да абалы жакшы. Буга чейин Нурайым жолдошу менен үч баланы тарбиялап келген. Үч эм төрөлүшү менен үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны алтыдан тогузга жетти.

Булак: koom.press