Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева «Сапат» мектептеринин үчөө Билим берүү министрлигинин карамагына өтүп жатканын Биринчи радиого билдирди.
Анын айтымында, бул мектептерде окуу процесси үзгүлтүккө учурабайт.
«Бир мектептин укуктук маселелери боюнча иштер жүрүп жатат. Окуу процесси үзгүлтүккө учурабайт», — деп кошумчалады министр.
Эскерте кетсек, буга чейин «Сапат» мектептер тармагы «Маариф» фондунан өткөнү белгилүү болгон. Фонд ошол кезде окуу процесси токтотулбай турганын билдирген. Билим берүү жана илим министрлиги да «Сапат» билим берүү мекемелери өз ишмердүүлүгүн уланта турганын маалымдаган.
Азыркы учурда «Сапаттын» түзүмүнө 6 башталгыч мектеп жана 15 лицей кирет.
Булак: koom.press