Печать
Категория: Коом
Просмотров: 928

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын эли менен жолугушууда пара алууга байланышкан бир окуяны айтып берди. 

Ал белгилегендей, бул жакында болгон жана анда прокуратуранын кызматкери 4 миң доллар пара алган, аны кайсы бир ишти бүтүрүү үчүн сотко берген. 

"Бул билинип калып, сотту кармоо үчүн үйүнө барышканда, эшигин ачпай туруп, дааратканасына кирип баягы акчаны өрттөп жиберген. Биз ошол күйгөндөн калган күкүмдү топтоп, экспертизага берип, жоопко тартып жатабыз. Эч ким жоопкерчиликтен качып кутула албайт. Анткени, бизде бардык далилдер болгон", - деди Ташиев. 

Ошондой эле, ал кошумчалагандай, учурда прокуратура кызматкери камакка алынган, ал эми сотту камоо үчүн Соттор кеңешине сунуштама жиберилген. Сунуштама канааттандырылары менен ал сот да камакка алынат.