Печать
Категория: Коом
Просмотров: 981

Бишкек шаардык сотунун үч судьясы уюшкан кылмыштуу топтун 5 мүчөсүнөн айыпты алып салганы үчүн ээлеген кызматынан бошотулганын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. 

Ал 23-августта Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын тургундары менен жолугушту. 

"Соттор кылмышкерлерди жоопкерчиликтен бошотсо, алар менен тийиштүү иш чаралары жүргүзүлөт. Буга чейин да ушундай факт болгон. Мисалы, Бишкекте уюшкан кылмыштуу тобунун 5 мүчөсүн соттор бошотуп жиберишкен. Биринчи инстанция аларды 7 жылга эркинен ажыратса, экинчи инстанция бошотуп салган. Ага байланыштуу Бишкек шаардык сотунун үч судьясы кызматтан алынган", - деди Ташиев. 

Ал кылмышкер эч убакта жоопкерчиликтен кача албасын, бардык иш акыйкат караларын белгиледи.