Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1205

Журналист, "Кыргыз Туусу" гезитинин мурдагы башкы редактору Мырзакат Тыналиев "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам тууралуу пикирин "Биринчи радионун" эфиринде айтып жатып, чекилик көп учурда журналисттик кесиби жок блогерлерден кетип жатканын белгиледи. 

Ал белгилегендей, ЖМК үчүн мыйзам 1992-жылы кабыл алынган жана андан бери замандын өзгөрүшүнө байланыштуу аны толуктоо, өзгөртүү зарылчылыгы жаралган. 

"Медиа рынокту иретке келтирүү зарылчылыгы жаралды. Бул башка мыйзамдардай эмес, сөз эркиндигине тиешелүү болгондуктан, бул сезимтал тармак болуп саналат жана ага абдан чоң көңүл бурулду.

"Бөдөнө сойсо да касапчы сойсун" дейт. Журналистика боюнча билим алган адамдар кайсы бир деңгээлде бул жааттагы шарттарды билет: кайсы маалыматты таратууга болот, кайсыны таратууга болбойт, маалыматты кандай кылып берүү керек, кайсы булактан алынган маалыматка ишенүү мүмкүн ж.б. 

Ал эми блогердик - бул бизнес, башкача айтканда, каражат табуу. Бизнестин табияты ушундай - же ийгиликтүү бизнесмен болот же банкрот болот. Банкрот болбош үчүн аракет кылыш керек. Ошол сыяктуу эле блогер каражат табуу үчүн сенсациялык материал чыгаргысы келип, адамдын керт башына тиешелүү маалыматтарды таратып жиберип жатышат. Өз башына келмейинче эч ким билбейт, менде да журналист болсом да, туура эмес маалыматтардын туткунунда калгам. Бирок кесиптештерим болгону үчүн тамаша менен гана жооп берүүгө туура келген", - деди Тыналиев. 

Белгилей кетсек, жаңы мыйзамда блогерлер дагы ЖМК өкүлдөрүнө киришти жана аларга дагы ЖМК өкүлдөрү сыяктуу жоопкерчиликтер каралган. Ар бир маалымат таратуучу веб-сайттар Юстиция министрлигинен каттоодон өтүүгө тийиш.