Казакстандан Кыргызстанга ташылып келе жаткан 25 тонна пахта үрөнү артка кайтарылды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргыз-казак чек арасындагы Чоң-Капка өткөрмө посту аркылуу келаткан 25 тонна пахта үрөнү фитосанитардык сертификаттагы маалыматтарга туура келбегендиктен артка кайтарылды.
Документте пахта үрөнү көрсөтүлсө да, өткөрмө постунда жүктүн ичинде сафлор өсүмдүгү табылган. Бул айырмачылык документтеги маалымат менен чыныгы жүктүн дал келбешинен келип чыккан.
Булак: koom.press