Печать
Категория: Коом
Просмотров: 829

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарындагы жаш балдар үчүн арналган эс алуу жайынын курулуш иштери менен таанышты. 

Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев маалымдагандай, Нарын шаарында буга чейин жаш балдарды эс алдыруучу жайлар болгон эмес жана ошондой эле, жергиликтүү калк мончо куруп берүү өтүнүчү менен да кайрылышкан. 

"Балдарды ойното турган жер болбогондуктан, жума күндөрү мүмкүнчүлүгү жеткендер балдарын Бишкекке алып барып ойнотуп келип турушкан. Андан сырткары, улуулар мончо үчүн борбор калаага барышкан. Биз азыр эки зарылчылдыкты жаап, балдар үчүн эс алуу аймагын жана чоң мончо куруп жатабыз", - деди. 

Камчыбек Ташиев Нарын жергесинен тургундары мончо үчүн борбор калаага катташаарын укканын айтты. Ошондой эле, балдар - биздин келечегибиз экенин белгилеп, алар үчүн мыкты шарт түзүү бүгүнкү улуулардын милдети экенин эске салды. 

"Биз баарына шарт түзүп, чоңдордун, укук коргоо, прокуратура органдарынын кызматкерлеринин жашоо-шартын жакшыртып бердик. Жолдорду салып жатабыз. Бирок баарын жасадык, а балдарга эч нерсе кыла элек экенбиз. Балдарга биз сөзсүз шарт түзүшүбүз керек. Биз да эртең карыйбыз, ушунун баары балдарга калат, карыганда "аталарыбыз бизге шарт түзгөн эмес" деп бизди урушуп жүрүшпөсүн. Нарындык наристелер эми ата-энелери менен келип, ушул жерде эс алгыдай болушсун", - деди Ташиев. 

Каныбек Туманбаев эс алуу жайы 2026-жылдын жаз айларында ишке берилерин белгиледи. Айтымында, мончо Нарын мэриясынын балансында болот жана каражат анын бюджетине түшөт. 

Камчыбек Ташиев Нарын шаарынын мэрине куруп берген ар бир объектиге аяр мамиле жасап, элге кызмат кылуусуна өбөлгө болушу керектигин эскертти.