Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарындагы эс алуучу аймактын курулуш объектилери менен таанышты.
Ал президенттин иш башкаруучусу Каныбек Түмөнбаевге курулуп жаткан объектилер кийин талкаланып кетпей, татыктуу иштеп, салынган акчаны кайтарып бериши керектигин эскертти.
"Мамлекеттин акчасы чачылып кетпей тургандай болсун, курулушка кеткен каражат жүгүртүүдөн кайра мамлекеттин эсебине түшсүн", - деди Ташиев.
Каныбек Туманбаев бул жерде да Бишкектеги Ала-Арча жаратылыш паркындагыдай автоматташтырылган система киргизилерин, баары электрондоштурулуп, төлөм мамлекеттин эсебине түшөөрүн билдирди.
УКМК төрагасы бул боюнча ишти уюштурууну Туманбаевге тапшырды жана объектиде иштеп жаткан жумушчуларга ийгилик каалады.