Печать
Категория: Коом
Просмотров: 453

 

"КР УКМК жана Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы менен бирдикте контрафакттык продукцияны аныктоо боюнча өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө, Отуз-Адыр айыл аймагында газдалган суусундуктарды мыйзамсыз чыгаруу менен алектенген жер астындагы цех аныкталды", - деп билдирди атайын кызмат.

Анда айтылгандай, тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө таттуу суусундуктарды чыгаруу менен алектенген «Деревенский квас», «Анар» жана «Деревенский ширеси» аттуу жашыруун цехтер аныкталган.

Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын, мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын жана салык кызматынын кызматкерлери тарабынан текшерүү жүрүшүндө, Тамак-аш азыктарында технологиялык процесстердин бузулушу жана тыюу салынган заттардын колдонулушу боюнча айыптар салынып, экспертизадан өткөрүү үчүн үлгүлөр алынды.

Азыркы учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.