Печать
Категория: Коом
Просмотров: 293
{{ item.title }}

КР УКМК тарабынан мамлекеттин балансына мыйзамсыз менчиктештирилген муниципалдык объекттерди кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Ош облусунун Алай районундагы Сопу-Коргон айыл башкармалыгынын алдындагы "Пилорама" муниципалдык ишканасынын жалпы аянты 57 сотых болгон   жер тилкеси менен административдик имаратын менчиктештирүүдө эреже бузуулар аныкталды.
    Жогоруда белгиленген административдик имарат жана ага чектеш жер тилкеси мурда Сопу-Коргон айылдык башкармалыгынын муниципалитетинин балансында турганы аныкталган. Бирок, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын жана ушул сыяктуу объекттерди ээликтен ажыратууга тыюу салган ченемдик-укуктук актыларды бузуу менен "Пилорама" муниципалдык ишканасынын мүлкү жеке колго мыйзамсыз берилген.
    Жүргүзүлгөн тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө административдик имарат жана анын жер участогу ыктыярдуу түрдө  мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди.
    Мурда жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган объекттерди аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу иштери улантылууда.