Кечээ, 29-июлда, Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги астында министрлер кабинетинин кезектеги жыйыны өттү. Анда саламаттык сактоо жаатындагы көйгөйлөр талкууланып, бир катар чечимдер кабыл алынганын минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Жыйынга келген саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев жана министрликтин ведомстволук мекемелеринин жетекчилери өкмөт башчыга төмөндөгү маселелер тууралуу маалымат берген:
өлкөдөгү дарыгерлердин жетишсиздиги;
ак халатчандардын айлыгынын аздыгы;
медициналык имараттардын абалы (оңдоого, башынан курууга муктаж);
медициналык жабдыктардын тартыштыгы.
Ошондой эле Кыргызстанда калкты дарыгерлер менен камсыздоо деңгээли КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң төмөн экени кошумчаланды. Ал эми маянанын аздыгынан адистердин тартыштыгы пайда болууда. Мындан тышкары, ооруканалардын 25,8 пайызы капиталдык оңдоого, ал эми 4,6 пайызынын эскилиги жетип, жаңы имарат курууга муктаж экени белгиленди.
Министрлер кабинетинин мүчөлөрү Саламаттык сактоо министрлигинин баяндамасын уккан соң кемчиликтерди жоюу максатында протоколду бекитти. Анда медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу үчүн тиешелүү эсептөөлөрдү жүргүзүү, кадрлар менен камсыз кылуу маселесин чечүү сунуштарын киргизүү, дарыларды, медициналык жабдууларды сатып алууга жана саламаттык сактоо объектилерин капиталдык оңдоого бөлүнгөн бюджеттик каражаттын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөөнү күчөтүү камтылган. Ошондой эле жеке менчик медициналык уюмдарга жана аларда иштеген дарыгерлерге лицензиялык талаптарды, жоопкерчиликти күчөтүү тапшырмасы коюлду.
Адылбек Касымалиев президенттин 2026-жылдан тарта дарыгерлердин айлыгын көтөрүү тапшырмасын эске салып, ал жаатта иштер жүрүп жатканын белгиледи.
Булак: Спутник