Печать
Категория: Коом
Просмотров: 253

Көк бөрү боюнча президенттин кубогу быйыл 31-августта өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев билдирди.

“Урматтуу көк бөрү күйөрмандары, оюнчулар жана командалар! Кудай буюрса, быйыл улуттук сыймыгыбыз болгон көк бөрү боюнча эң жогорку даражадагы мелдеш — президенттин кубогу 25-жолу өтөт”, — деп айтылат федерация тараткан маалыматта.

Эске салсак, 12-мартта Нооруз кубогунун биринчи күнүндө улакчылар кырсыктап, бир оюнчу каза болуп, мелдештер убактылуу токтотулган болчу.

Булак: koom.press