Печать
Категория: Коом
Просмотров: 316

Кыргыз билим берүү академиясы 12 жылдык билим берүүдө кайсы класстар секирик жасаарын түшүндүрдү.

Маалыматта бир окуу жылында бир эле класс секирери айтылган.

2025-2026-окуу жылында бала бакчанын даярдоо топторунда окуган же "Наристе" мектепке даярдоо программасын өздөштүргөн балдар түз эле 2-класска өтүшөт;

2026-2027-окуу жылында 5-класстар секирип, 7-класска өтүшөт. Бул модель 2029-2030-окуу жылына чейин уланат;

2027-2028-окуу жылынан баштап 2030-2031-окуу жылына чейин 9-класстан 11-класска секирик жасоо пландалууда.

Жаңы окуу жылынан тартып 5-класстар интеграцияланган программа боюнча окушат, тагыраагы, 5-6-класстын программасынын мазмуну бириктирилет.

Булак: Спутник