Печать
Категория: Коом
Просмотров: 213

Ысык-Атадагы Такыр-Төр көлүнүн жырылып кетүү кооптуулугу бар, куткаруучулар тоонун башында күнү-түнү байкоо жүргүзүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин Мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин директору Даурбек Сакыев билдирди.

Ал кечээ жумушчу топ Улуттук академиянын илимий институтунун адистери менен көлгө учуп барып карап, изилдөө жүргүзүлүп жатканын айтты.

Такыр-Төр көлү 27-июнда жырылып, ташкыны Алмалуу жана Кебек бий (Горная Серафимовка) айылдарынын ортосундагы бир көпүрөнү агызган. 950 тургун эвакуацияланып, убактылуу жайларга жайгаштырылган.

Булак: 7 канал