Печать
Категория: Коом
Просмотров: 236

Президент Садыр Жапаровдун Малайзияга болгон расмий сапарынын алкагында министрлер кабинети менен Малайзиянын өкмөтүнүн ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Документке кыргыз тараптан илим, жогорку билим берүү жана инновация министри Бактияр Орозов кол койду. Ал жогорку билим берүү чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүүгө багытталган.

Кызматташтыктын негизги багыттары төмөнкүлөрдү камтыйт:

Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн таанылган университеттеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн ар кандай формаларын: окутуучуларды, эксперттерди жана студенттерди алмашууну, биргелешкен илимий-педагогикалык иш-чараларды, ошондой эле билим берүү программаларын жана иш-чараларды ишке ашырууну кубаттоого макулдашышты.

Меморандумга кол коюу Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы эл аралык билим берүү кызматташтыгын бекемдөөгө болгон маанилүү кадам болду.