Печать
Категория: Коом
Просмотров: 168

Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарды Иран менен Израилге барбай турууга, ал жакта жашаган жарандарды бул өлкөлөрдөн чыгып кетүүгө чакырды.

Мекеменин басма сөз кызматы билдирүүнү 18-июнда таратты.

Анда жарандарды аба каттамдарына кирген чектөөлөрдү эске алуу жана чет өлкөдөгү мекемелердин, авиакомпаниялардын билдирүүлөрүнөн кабардар болуп туруу сунушталган.

Зарыл учурда Кыргызстандын ошол аймактагы дипломатиялык мекемелерине кайрылуу керектиги жазылган.

16-июнда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Ирандагы жана Азербайжандагы элчиликтер менен бирге 28 кыргыз жаранын Азербайжанга өткөргөнү тууралуу маалымат тараткан.

13-июнда Израил Ирандын аймагына абадан чабуул койгон. Аны улай Ирандын армиясы да Израилдин аймагын дрондор жана ракеталар менен бутага алган. Эки өлкө ортосунда жаңжал курчуп, Израилдин чабуулдарынан Иранда 260тан ашуун адам, анын ичинде жогорку даражалуу аскер жетекчилери, өзөктүк программа боюнча иш алып барган окумуштуулар каза болгон.

Израилдин расмий өкүлдөрү Ирандын соккуларынан 24 адам набыт болгонун маалымдады.