Печать
Категория: Коом
Просмотров: 173

Президент Садыр Жапаров “КР Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 30-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам менен төмөнкүлөр каралган:

– Улуттук илимдер академиясынын укуктук статусу, ишинин максаттары, негизги милдеттери жана функциялары;

– Улуттук илимдер академиясынын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартиби;

– Улуттук илимдер академиясынын башкаруу органдары жана мекемелери тууралуу жоболор;

– Улуттук илимдер академиясын каржылоо жана мүлкү тууралуу жоболор;

– Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлеринин материалдык жана социалдык камсыздоо тууралуу жоболор ж.б.