
"Бири көркөм образ аркылуу аңыз кепке айланса, бири өзүнүн эрки, чечкиндүүлүгү, эл үчүн башын канжыгага сайган жүрөктүүлүгү менен элдин колдоосуна, сүймөнчүлүгүнө ээ болуп жаткан инсан. Өлкөдөгү криминалдын, коррупциянын тамырын кырккан адам!
Сүрөттүн көтөргөн салмагына баам салалычы. Кинодогу Комиссар Катани кыргыздын реалдуу жашоодогу Катаниси жөнүндө угуп, билип, "чыныгы жашоодо дагы мен образын ачкан Катани бар тура" деп суктанып, атайын келип, учурашып аткандай таасир калтырат...
Эгерде Комиссар Катани көркөм тасмада криминалга, мафияга каршы күрөшүп, экрандын ары жагынан миллиондогон адамдардын ишенимине ээ болуп, бирок баштаган иштерин аягына чыгара албай калган болсо, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн УКТ, криминал, коррупция менен күрөшүнүн өтөөсүнө чыгууда. Криминал менен күрөшүүдө КМШдагы бир да өлкө Кыргызстандагыдай ийгиликке жеткен жок. КМШ өлкөлөрүнүн эли, коомчулугу, журт башчылары баалап, суктанып атышкан кездери. Чыны менен бүгүн Кыргызстанда УКТ жок кылынды. Өлкөбүздө криминалсыз, бандитсиз коом курула баштады.
Бүгүн Камчыбек Ташиев аткарып, жүргүзүп жаткан иштердин өлкөнүн өнүгүүсүндөгү, элдин коопсуздугун камсыз кылуусундагы орду ат көтөргүс. Тилекке каршы, Камчыбек мырзанын криминалга, коррупцияга, мафияга каршы күрөшүүдөгү эмгектерин айрымдардын баалай албай жатканы өкүнүчтүү. Генерал-полковник сүрөттөгү актёрдой кинодо образ жаратып, элдин ишенимине ээ болуп жаткан жок. Чыныгы жашоодо ден-соолугун, өмүрүн аябай эл, мекен үчүн жан үрөп иштеп жатат. Бүгүн биз аны бардык жактан колдоп, кубаттап, баалап-барктап, аздектеп, кастарлап алчу жердебиз. Тарых ансыз да Камчыбек Ташиевге эң жогорку баасын берери талашсыз. Бирок анда кеч болушу мүмкүн. Андыктан эл, өлкө үчүн кара жанын карч уруп иштеп жаткан генералыбызды колдоп, баалап алууга милдеттүүбүз",-деди.