Печать
Категория: Коом
Просмотров: 336

Жыл башынан бери борбор калаада 28 чакырым жол оңдолуп, 13 чакырым жаңы жол салынды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Бишкек мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев билдирди.

Анын айтымында, салынып жаткан жолдор төмөнкү көчөлөрдө:

“Айрым шаар тургундарына эски көчөлөрдү эле оңдоп жаткандай сезилип жатат. Бирок, шаарда нөлдөн башталып салынып жаткан жаңы көчөлөр бар”,-деди ал.

Ырсалиев кошумчалагандай, ар бир көчөнүн белгиленген өзүнүн салынуу графиги бар.

“Ар бир салынып жаткан көчө өз графиги менен бүтөт. Көптөгөн жол тилкелери мөөнөтүнөн мурда, тагыраагы бир-эки жумага эрте бүткөрүлүп жатат. Жол менен кошо ирригациялык иштер да бүткөрүлүүдө. Ар бир көчөдө жарыктандыруу, жашылдандыруу иштерин кошо жасап кетип бара жатабыз”,-деди ал.