Печать
Категория: Коом
Просмотров: 254

Кыргызстан дүйнөлүк аскердик рейтингде 145 өлкөнүн ичинен 105-орунду ээледи. Бул тууралуу Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын өкүлү Саламат Райымбаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, соңку жылдары аскер тармагында системалуу реформалар жүргүзүлүп, материалдык-техникалык база бекемделип, офицерлердин кесипкөйлүгү арттырылууда. Кыргызстанда аскердик кызматташуу кеңейип, жаңы технологиялар киргизилүүдө.

Бүгүн, 29-майда, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө 34 жыл толду.