“Ата-Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевдин Кыргызстандын региондорундагы иш сапары 4-май күнү “Кара-Көл’’шаарында уланды. Маданият үйүндөгү жолугушууга 1 миңден ашуун адам катышып, шайлоочулар негизинен өлкөдөгү саясий-экономикалык абал тегерегинде кеп курушту. Айрыкча, өкмөттүн өз алдынча экономикалык программасынын жоктугу, регионалдык деңгээлдеги маселелердин өз убагында чечилбей жаткандыгы белгиленди.
 
Шайлоочулар былтыркы түштүк коогалаңында Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн алсыздыгын, анан да Камчыбек Ташиев өңдүү патриот жигиттердин баатырдыгы гана тополоңду токтоткондугун кеп кылышты.
 
Ушул эле күнү К.Ташиев Таш-Көмүр шаарынын эли менен борбордук паркта жолугушту. 2 миңден ашуун адамдын катышуусундагы жыйында да өлкөдөгү курч экономикалык абал талкууланды. Жергиликтүү калк электр энергиясы өзүбүздөн чыкканы менен, аны кымбаттатылган баада элге сатып жатышканын айтып өтүштү. “Энергетиктердин шаарчасы аталганыбыз менен, бизге светтен эч кандай жеңилдик каралган эмес”,- деген карапайым адамдардын арыз-арманында чындык бар.
 
“Көпчүлүк саясатчылар бийликке жеткенден кийин элди карабай калат, сиз да ушинтесизби?” – деген суроого жооп берип жатып, К.Ташиев эл башына кыйынчылык түшкөндө ар дайым карапайым катмар ичинде болорун билдирди. “Ош, Жалал-Абаддагы былтыркы окуялар кимдин-ким экендигин көрсөттү. Бийликтеги чиновниктердин эмне менен алек болгонун мыкты билесиздер. Ошондой оор кырдаалда өмүрүмдү тобокелчиликке салып болсо да кагылышуунун токтотуу максатында, эл ичинде болгонумду баарыңыздар билесиздер. Мындан кийин да ушундай болот. Ата-Журт кыйын күнгө кабылганда, мен ар дайым сиздердин кызматыңыздардамын”,- деди Камчыбек Кыдыршаевич.