Печать
Категория: Коом
Просмотров: 220

Бүгүн Бишкекте Улуттук травматология жана ортопедия борборунун имаратынын курулушуна мезгил кутусу салынды.

Иш-чарага президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев катышты.

Белгилей кетсек, жаңы Травматология жана ортопедия борбору – заманбап медициналык комплекс болуп, анын жалпы аянты 34 500 чарчы метрди түзөт.

Ал эми имараттын аянты – 118,8 м × 58,6 метр болот. Медициналык борбор беш блоктон турат. Муну менен катар борбордо 11 бөлүм иштейт, алардын ар биринде 40 орун бар. Жалпысынан борбор 440 орунга ылайыкталган.

Травматология жана ортопедия тармагында адистерди даярдоо үчүн төмөнкүлөр каралган:

Борбордо төмөнкү кызматтар көрсөтүлөт:

Борбор жаракаттарды дарылоодон тышкары, оорулардын алдын алууга да басым жасайт, бул бейтаптардын жашоо сапатын жакшыртууга жана алардын активдүү жашоого кайтып келишине жардам берет.