Печать
Категория: Коом
Просмотров: 212

КР УКМК мамлекеттик мүлктү кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасында Өзгөн шаарынын борборунда жайгашкан жалпы аянты 1,08 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөнүн аныктады.

       Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Өзгөн шаарынын мурдагы мэри С.А.С. тарабынан мыйзамсыз токтом чыгаргандыгы боюнча иш козголду. Ошол эле учурда соттук териштирүүдө Ош облустук соту 1,08 гектар жер тилкесин мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча чечим чыгарды.
       Учурда аталган жер тилкеси Өзгөн шаардык мэриясынын балансына кайтарылды.