Печать
Категория: Коом
Просмотров: 212

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, Бишкек-Ош унаа жолундагы Сосновка постунда саат 09:20да жана Арал постунда саат 08:30да оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды.

Ал эми Суусамыр-Талас-Тараз жолунун 60-чакырымындагы Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө азырынча күчүндө.

Белгилей кетсек, “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда.

"Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат",-деп айтылат маалыматта.