Печать
Категория: Коом
Просмотров: 297

Кечээ, 15-мартта Бишкек шаарында жогорку билим берүү боюнча форум өтүп, анын алкагында Кыргызстан менен Кытайдын Шэньси провинциясын ортосунда жогорку билим берүү тармагындагы кызматташтык боюнча бир катар макулдашууларга кол коюлду.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, форумда Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелердин узак тарыхы бар экенин белгиледи.

«Бүгүнкү форум – биздин кызматташуубузду бекемдөөгө багытталган дагы бир маанилүү кадам. Биз "Бир алкак – бир жол" демилгесин жогору баалайбыз, анын алкагында билим берүү тармагында көптөгөн долбоорлор ишке ашырылып, өлкөлөрүбүздүн академиялык байланышын чыңдоого өбөлгө түзүүдө. Кыргыз Республикасы бул глобалдык демилгеде маанилүү ролду ойнойт жана биз билим берүү тармагында кызматташтыкты кеңейтүүгө зор мүмкүнчүлүктөрдү көрүп жатабыз. Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн негизинде Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров билим берүү тармагындагы өнөктөштүктү өнүктүрүү тууралуу макулдашууга жетишти, бул эки өлкөнүн билим берүү кызматташтыгын чыңдоо үчүн бекем негиз түзөт», – деп белгиледи Д. Кендирбаева.

Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзяньпин бул форум Кытай менен Кыргызстандын билим берүү тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүүгө жаңы дем бере турганын билдирди.

«Эки өлкөнүн элдери жакшы коңшу, бири-бирин түшүнүшөт жана ишенимдүү өнөктөштөр болуп саналат. Билим берүү тармагындагы кызматташтык жаңы доордогу кытай-кыргыз мамилелеринин маанилүү бөлүгү. Акыркы жылдары ал тездик менен өнүгүп жатат. Кыргызстанда учурда төрт Конфуций институту жана 20дан ашуун класстары иш алып барат, аларда жыл сайын 10 000ден ашуун кыргызстандык студент билим алат», – деп белгиледи Лю Цзяньпин.

Сөзүнүн аягында элчи форумдун катышуучулары кытай-кыргыз билим берүү кызматташтыгын мындан ары да колдоп, анын өнүгүүсүнө салым кошот жана керектүү кадрдык жана эксперттик жардам көрсөтөт деп ишенерин билдирди.

Кол коюлган меморандумдар жана келишимдер:

Жаңы борборлордун ачылышы:

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Кытайдын жогорку билим берүү форуму билим берүү тармагында мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулай турган маанилүү аянтча болуп, эки өлкөнүн илимий байланышын бекемдөөгө чоң салым кошту.