Сауд Арабиясы умрага (кичи ажылыкка) барчуларга жаңы медициналык-санитардык талаптарды киргизди. Бул тууралуу 28-январда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, бир жаштан жогорку курактагы бардык чет өлкөлүк зыяратчылар менингококк менингитине каршы эмдөөдөн өтүп, анын тастыктамасын (сертификатын) алышы керек.
Вакцинация Сауд Арабиясына барардан кеминде 10 күн мурда жүргүзүлүшү зарыл. Ал эми эмдөө жарактуулугу вакцинанын түрүнө жараша акыркы 3 же 5 жыл ичинде болушу шарт.
ТИМ умра зыяратын пландаган жарандарга Сауд Арабиясынын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайтына кирип, жаңы талаптар жана сунуштар менен кеңири таанышып чыгууну сунуштады.