Печать
Категория: Коом
Просмотров: 192

Бүгүн Бишкек шаарында саат 15:30да 7-Апрель көчөсүндөгү суу түтүгү жарылып, ысык суу көчөнү каптаган.

Жеринде “Бишкекжылуулук” муниципалдык ишканасынын авариялык бригадасы жаралган көйгөйдү чечүү үчүн тиешелүү иштерди жүргүздү.

Учурда жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо иштери калыбына келтирилди.

Мэриядан белгилешкендей, бул тилкедеги суу түтүгү 1974-жылдан бери пайдаланып келгендиктен, колдонуу мөөнөтү аяктаган.

Эми 7-Апрель көчөсүнүн түштүк тарабы оңдоо иштерине байланыштуу маал-маалы менен жабылып турары айтылды. Мындан улам муниципалитет айдоочуларды жаралган ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну өтүндү.