Печать
Категория: Коом
Просмотров: 162

Бишкек шаардык мэриясы каттамдан чыгарылган 52 троллейбус электробус болуп кайра жасалып чыга турганын билдирди. Бул тууралуу калаа мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев 13-январда “Биринчи радиого” берген маегинде айтты.

“Бишкек шаардык кеңешинин токтомунун негизинде троллейбустарды Ош шаарына бергенбиз. Андан калган 52 троллейбусту электробус кылып жасоого даярдык көрүп жатабыз. 2017-жылы чыгарылган троллейбустар буга ылайыктуу экен. Аларга батерейка коюп, түз айдалып, бардык жерге жеткенге аракет кылабыз”, - деди Ырсалиев.

Анын айтымында, учурда Бишкекте 1 200 даана автобус каттамга чыгып жатат. Ошондой эле 2025-жылы 120 даана электробус алып келинерин кошумчалады.

Былтыр 13-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек мэриясынын карамагындагы 100 троллейбусту Ош шаарына берүү токтомуна кол койгон. Документте 2025-жылдын экинчи кварталында Бишкекке 120 электробус алынып келери, ушундан улам троллейбустар Ошко берилген күндө да борбордо жүргүнчүлөрдү ташууда маселе жаралбай турганы айтылат.

Анын алдында эко-активисттер Бишкектеги троллейбустарды электробустарга алмаштыруу маселеси каралып жатканын айтып, ага каршы чыгышкан. Алар троллейбустар экологиялык коомдук транспорт экенин белгилешкен.

Мурда Бишкекте күн сайын 115-125 троллейбус каттамга чыгып келген.

Булак: Азаттык