Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Абдулазиз Закиров Сауд Аравиянын Жидда шаарында 2025-жылга каралган ажылык иштерин уюштуруу боюнча эки тараптуу келишимди ишке ашыруу максатында иш сапарында жүрүшөт.
Анда Азамат Юсупов менен Абдулазиз Закиров Сауд Аравиянын ажылык министринин орун басары Абдель Фаттах бин Сулейман менен жолугушуп, ажылык сапарын уюштуруу маселелери талкууланды.
Эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында 2025-жылдагы ажылык иштерин уюштуруу боюнча келишимдерге кол коюлуп, Кыргызстанга 6060 квота бөлүндү.
Булак: Кабар